“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Куу-Майдан айылынын мечити аяктап ишке берилди

21 Август 2017 жыл 13:47
Көрүүлөрдүн саны: 73

Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын борбордук мечити курулуп бүтүп, ишке берилди. Мечиттин негизги демөөрчүсү арабдардын Табарак фонду, андан сырткары айыл тургундары да колдон келген жардамдарын берип жатат.

Мечитке ушул күнгө чейин 72 миң долларга жакын акча каражаты сарпталган.  Анын 48 миң долларын арабдар калган 24 миң долларын элдер беришкен. Мечитт айылдын жаштар классташтар, туугандар, достор ушуга окшогон топ-топ болуп берип жатат. Мечит толугу менен бүттү, андан сырткары башка жумуштары да болгону үчүн ачылышы боло элек.

Мечит узунунан 24 метр  туурасынан 18 болуп 750 адамга ылайыкталган жана сырты менен 1000 адам батат. Мечит Атаке орто мечити болуп аталды. Атаке орто мечити болуп аталып калганын себеби Атаке Куу-Майдан айылынын атасы болгон.

Мечиттин иш жүрүтүүчүсү Нурмамат Ысаковдун билдирүүсүндө,  Бул мечиттин курулганына элдер абдан кубанып жатат, жана ошондой эле жаман сөздөр болбой койгон жок мурунку мечит болот элего дегендер болду,- деп билдирди Нурмамат Ысаков.

Куу-Майдан айылынын тургуну Талип Абдразаковдун айтымында, булл мечит ойлогонумдан жакшыраак түштү. Азыр болсо мечит бүтүп, сыртка суу чыгарылып жатат, 7 адамга ылайыкталган даараткана курулуп жатат, деп билдирди.

Даярдаган: Хусейн Курсантбек уулу