“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Куу-Майдан айылында 3 болмолуу аптека салынып жатат.

22 Август 2017 жыл 16:40
Көрүүлөрдүн саны: 88

Куу-Майдан айылында 3 болмолуу аптека салынып жатат. Бул тууралуу Бегайым Маткасымова менен маектештик.

Саламатсызбы! Эмне себептен аптека салайын деп чечтиңиз?

Кичине аптекам барле аны кеңейтейин деп чечтим. Элге пайдам тийсин деп айылда ФАБ дагы жок болгондуктан чон аптека салып жатам.

Канча бөлмө болду?

Үч бөлмө болду. Эң чоңу рецептурный зал, экинчиси процедурный, үчүнчүсү склад.

Муну курганга канча акча кетти?

Ушул турушуна 200миң акча кетти. Толук бутушунө 300миңдей кетсе керек.

Кеткен чыгаша канча убакытта өзүн актап бүтөт?

Соодага жараша болот. Бир эки жылда актап бүтсө керек.

Бул ой кайдан чыкты?

Илгертен эле кыялданчумун ушул жерге аптека курсам деп аптека куруп эми муну кеңейтип үч бөлмөлүү кылып жатам.

Саат канчадан канчага чейин иштейсиз?

Эрте мененки саат 9дан кечки саат 10-11ге чейин иштейбиз. Себеби үч маал укол алгандар бар.

Элдердин көз-карашы кандай?

Элдердин көз-карашы жакшы рахмат айтып жатышат. Эми мурда жогунда ооруканага барып укол алып келишет эле.

Дагы келечекте кандай пландарыңыз бар?

Келечекте пландар көп айылга ФАБ курдурайын деген оюм бар жана ушул аптекамды эки этаж кылам кудай буйруса.

Маек курганыңыз үчүн чоң рахмат!

Даярдаган: Аймончок Кожонова