“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Куу-Майдан айылында президенттик шайлоо болуп өттү.

15 Октябрь 2017 жыл 20:16
Көрүүлөрдүн саны: 95

Куу-Майданда №5376 шайлоо участкасында президенттик шайлоо болуп өттү. Шайлоо учурунда эч кандай мыйзам бузуулар болгон жок.

Жалпысынан бул участкада 1446 шайлоочу бар. Анын 785и шайлоого катышып, 14ү жараксыз болуп табылды. Саат 1ге чейин шайлагандардын 37 пайызы өздөрүнүн добушун беришти.

№5376 шайлоо участкасынын оператору Айтолкун Шадыбекова эч кандай мыйзам бузуулар жана техникалык катачылыктар болбогонун билдирди.

«Баарынын эле тизмеси чыгып жатат. Кээ бирөөлөрүнүкү эле чыкпай калды ал эми өздөрүнүн күнөөсү башка жакта учетко туруп анан бул жака которгон эмес»

Кеңеш айыл өкмөтүнүн депутаты Зиягул Козу кызы «Биз шайлаган президент элдин кызыкчылыгын ойлогон болсо, көптөгөн жаштарыбыз чет өлкөдө жүрөт агылып ошолор үчүн дагы ишканалар ачылып өз өлкөлөрүнө келишсе» — деп билдирди.

Айыл тургуну Гулнура Калылова биринчи жолу шайлоого катышып жатат. Бирок ал эч кандай кыйынчылыксыз эле шайлаганын айтты.

«Эч кандай кыйынчылык болгон жок. Президент болгон адам эн негизгиси элге кызмат кылса» — дейт Гулнура Калылова.

Айыл тургуну Шахадат Шадманова «Азыр аябай жакшы болуп калыптыр мурда жөн эле кагаздарга жазып урнага салып койчубуз. Президент биздин пенсияларыбызды көбөйтсө, жаштарды оңолтуп окуу жайларды жалаң гана бюджет кылса жакшы болмок»-дейт пенсионер Шахадат Шадманова.

Шайлоонун жыйынтыгында Сооронбай Жээнбековго 540 добуш, Өмүрбек Бабановго 160 добуш, Адахан Мадумаровго 66 добуш, Улукбек Кочкоровго 2 добуш, Азимбек Бекназаровго 2 добуш берилди.

Даярдаган: Аймончок Кожонова