Куу-Майдан айылынын тургундарын суу менен камсыз кылып турган крант бузулуп калганына байланыштуу суу 1 ай убакыт чыкпай калды. Суунун чыкпай калганынын себеби сууну чыгарып турчу насос бузулуп калган.

Куу-Майдан айылынын суусун козөмөлдөп турган Акматали Жолдошов өз колу менен сууну элге жеткирип берген. Сууну чыгарууга 28 мин сом акча каражаты жумшалган. Суунун чыгышы абдан кыйын болду.

Акматали Жолдошовдун айтымында “Мен бул сууну чыгарыш мага аябай кыйынга турду. Айыл өкмөтү 20 мин сом берген болчу бирок ал жетпей мен өзүмдөн чыгардым калганын, эми айыл тургундары сууга налог толөгөндө өзүмө алып калам” –деди.
Айыл жашоочусу Аким Толубаевдин айтымында “Биз суу чыкпай калганда кыйналдык, алыс жактардан суу ташып жаттык эле, мына эми суу чыгып жакшы болду” деди.
Даярдаган: Курсантбек уулу Хусейн