Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүндө футбол аянтчасы курула баштады. Бул аянтчаны курууга айылдык депутаттар макулдашып долбоор жазып утуп алышкан.
Футбол аянчасынын курулуп жаткандыгынын себеби футбол аянтчанын жоктугу жана жалпы жаштарды футболго тартуу. Аянтчанын курулушуна долбоордон 2 млн сом ал эми жергиликтүү бюджеттин эсебинен 264мин 722 сом бөлүнгөн.
Бул аянтча курулуп бүткөндө мектеп, айыл өкмөт тарабынан уюштурулган иш-чаралар акысыз өтөт. Футбол ойноону каалаган жалпы жашоочуларга футбол аянтчасы саатына ойнотулуп, баасы элдердин каалоосуна карата коюлмакчы.

Өкмөт башчынын орун басары Жеңишбек Исаев 2018-жылдан аянтча курулуп бүтсө атайын тренерлерди алып келип ийрим ачайын деген пландары бар экенин билдирди.
«Биздин жаштар футболго кызыгып башка алыс жактарга деле барып ойноп келип жатышат. Убакыттарын коротуп, чыр-чатактарга кабылып ошондуктан өзүбүздө болгону жакшы»
Мектеп окуучусу Абдулвахид Айбек уулунун айтымында: «Аянтчанын курулуп жатканы жакшы болду. Алыс жактагы жерлерге барып ойнобой эми ушул жерде ойнойбуз. Курулуп бүткөндө тез-тез барып турам»-дейт.
Эгемберди Абдыкааров «аянтчанын ачылышын аябай күтүп жатам. Ачылса баардык шарттары менен болсо жакшы болмок. Бул аянтчанын ачылганы балдардын спортко кызыгышына дем берет деп ойлойм»-деп билдирди.
Даярдаган: Нурмира СадирСадира