Куу-Майдан айылынын Жапар Нышанов мектебинде берекелүү күз майрамы болуп өттү. Майрамга 8-9-10-11-класстар катышышты.
Күз майрамынын өткөрүлүшүнүн себеби окуучуларды маданияттуулука, адептүүлүкө жана меймандостукка үйрөтүү. Бул иш-чарада ар бир класс өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Программага ылайык ар бир класс ырларды ырдашып, бий бийлешип, клип, тамашоу аткарышты. Жыйынтыгында 1-орунду 10-класстар, 2-орунду 11-класстар, 3-орунду 9-класстар ээлешти.
Мектеп организатору Гүлмайрам Ысмаилованын айтуусунда “Мектеп окуучулары куз майрамына аябай сонун даярданып келишти. Алар атайын конкурс уюштуруп көптөгөн өнөрлөрүн көрсөтүштү ошондой эле дасторкон ажары жана батмандарды жакшы деңгээлде аткарып беришти”-деди.
Мектеп окуучусу Мадина Кудайберди кызынын айтуусунда “ Биз күз майрамын жакшы деңгээлде өткөрүп алдык. Майрамга ар бир класс катышып көптөгөн өнөрлөрүн аткарып беришти”-деди.
Даярдаган: Тинатин Коңурбаева