“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Куу-Майданда жаңы жыл майрамдалды

2 Январь 2018 жыл 10:04
Көрүүлөрдүн саны: 111

Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын Ж.Нышанов атындагы орто мектебинде жаңы жыл майрамдалды. Жаңы жылга баардык класстар катышты.

Жаңы жыл 0-класстан тарта 11-класска чейин майрамдалды. Жаңы жыл жомоктор, бий, ырлар, тамаша менен коштолду. Жаңы жыл ойдогудай жакшы деңгээлде болуп өттү.

Майрам эки күн болду. Биринчи күнү 0-класстан 7-класска чейин болсо, экинчи күнү 8-класстан 11-класска чейин болду.

Майрамды уюштурган Гулмайрам Ыйсмайылованын айтымында»Жаңы жыл жакшы деңгээлде болду. Окуучулар берген тапшырмаларга жакшы даярданган. Кыргыз элимин жаңы жылы менен куттуктайм» — деп билдирди Ысмайылова.

Окуучу Нурмухаммед Исраил уулунун айтымында » Жаңы жыл мага аябай жагат, жаңы жылды аябай сонун өткөрдүк. Себеби бийледик, ырдадык, ойнодук»- деп билдирди.

Даярдаган: Насирова Айжибек