Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында улак тартыш оюну болуп өттү. Оюнга ар жактардан район, областтан улакчылар жана көрүүчүлөр келди.

Оюнга 15 кой, баш байге жигули үлгүсүндөгү автоунаа жана акчалай сыйлыктар, чакан белектер ойнотулган. Мелдешти уюштурган Каримов Алмаз анын айтымында «Ал балалуу болгондо улак берем деп убада берген. Балалуу болуп улак берип жаткан чагы».

Мелдеш аябай кызыктуу жана шаңдуу болду, эч кандай кооптуу учурлар катталган жок. Утуштар өз ээлерине тапшырылды. Баш байгени Маткасым аттуу балбан океан аталган аргымагы менен утуп алды.

Улакчы Зайир Алибаевдин айтымында «Мелдеш аябай кызыктуу болду. Улакчылар көп болгонуна байланыштуу утуш алууда кыйынга турду»- деп билдирди Алибаев.

Көрүүчү Нурмухаммед Жалиевдин айтымында «Оюн кызыктуу болду бирок эрте бүтүп калды»-деп билдирди Жалиев.
Даярдаган: Хусейн Курсантбек уулу