“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

-Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов мектебинде капиталдык ремонт жүрүп жатат.

26 Январь 2018 жыл 18:32
Көрүүлөрдүн саны: 113

Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын Жапар Нышанов мектебинде капиталдык ремонт жүрүп жатат. Ремонтко мамлекеттен 16 миллион акча бөлүндү.

 

Жапар атындагы орто мектеби 1974-жылы курулуп, 1975-жылы колдонууга берилген. Андан Нышанов бери эч кандай ремонт жүргүзүлгөн эмес.

Мектептин шыйпырлары сынып, жараксыз абалга келгендиктен, мектеп администрациясы КРдин финансы министрине кат жазып, капиталдык ремонтко киргизишкен.

Шыйпырга 3 миллион акча жумшалып, шыйпыры бүткөрүлдү. Азыркы учурда ажаткана, мектепке пластик терезелер курулуп жатат.

Мектеп директору Гүлзат Сапарбек кызы калган эшик, полдор, дубалдар евро ремонт болуп, кийинки жаңы окуу жылына даяр болоорун айтты.

“Мектептин ичи тышы бүт баары ремонт болуп бүтөт, жаңы окуу жылына баары даяр болуп калат”-деди Сапарбек кызы Гүлзат.

Мектеп окуучусу Аттокур кызы Акберметтин айтуусунда «Башка мектептерге салыштырмалуу биздин мектеп жылуу. Эми пластик айнектер коюлса андан да жылуу болот экен.»

Даярдаган: Тинатин Коңурбаева