Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө арка курулду. Арканы курууга 1 айдан ашык убакыт кетти. Арка айыл өкмөттүн эсебинен курулуп, айыл өкмөт башчысынын демилгеси чоң болду. Бул арканы айыл-өкмөттүн кызматкерлери сунуштап 1,5 млн сомго бүтүрүлдү.

Арканын курулганынын максаты башка жактан келгендер кайсыл жерге келгендигин аркадан көрүп билүүсү үчүн жана башка айылдыктарга да үлгү болсун үчүн. Арканы көрүп өзүлөрүнүн айылына курууга аракеттенсин деген максатта курулду.

2018-жыл аймактарды өнүктүрүү жылы деп аталганына байланыштуу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн тургундары да өз айылын көрктөндүрүүгө аракет кылышып жаткан чагы. Арканын бийиктиги 10 метрден ашыгырак узуну 15 метрдей чыгат.
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн маалымат катчысы Маматкул Асановдун айтымында “Биз бул арканы курабыз деп аябай аракеттендик. Айыл өкмөтү жана кызматкерлеринин жардамы чоң болду. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүн кооздоп күчтүү айыл өкмөттөрдөн кылабыз деген ниет бар”- деп билдирди.
Айыл тургундарынын айтымында “Бул арка бизге аябай жакты сонун кооз болуп бүтүптүр, айылыбыздын көркүнө көрк кошуптур. Аябай сүйүнүп турабыз, биз ойлогондонда мыктырак курулуптур.”
Даярдаган: Айжибек Насирова Замирбек кызы Фатима