Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн көчөлөрү жарыктандырылды. Көчө жарыгы Архимед Турдубеков аттуу борбордук көчөлөрүнө тургузулган жана 2,5-3 км ге жакын көчөлөр жарыктандырылды.

Жарыктандырууга Айыл өкмөттүн эсебинен кетти жана 300000 сомго бүтүрүлдү. Мурун карангыда коркуп жүргөн эл эми болсо күндүзгүдөй журө алышат. 100 гө жакын электр мамычалары, сталбалар ошого жараша электр чубалгылары тартылып азыр элдин пайдасына ишке берилди.

Көчөлөрдү жарыктандыруу 1 айга созулду. Ар бир 40 метрден жол чырактары орнотулган жана жолдун эки бетине тен коюлган. Жол чырактары Айыл өкмөттүн эсебинен курулуп, 50 гө жакын жол чырактары орнотулду. Чырактын светин айыл-өкмөтү каржылайт.

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн маалымат катчысы Маматкул Асанов»Кыргыз-Ата айыл өкмүтүнүн кире беришинен баштап 3 км ге жакын жолубуз жарыктандырылды. Мурун элдер жарыктандыргыла карангыда балдарыбыз коркуп жатышат деген эле мына эми көчөбүз да жарык болуп калды»-деп билдирди Маматкул Асанов.
Айыл тургундарынын айтымында » Мурун карангыда көчөдө жүргөндөн коркот элек, азыр болсо эми көчөлөрүбүз жарык болуп калды аябай кубанып турабыз, көчөдө коркпой жүрөт экенбиз»- деп билдиришти айыл тургундары.