Ноокат районуна карашатуу Шаңкол айылына азык-түлүк дүкөнү ачылды. Бул магазинди курууга 350000 эсебиндеги каражат сарпталган. Бул дүкөндө азыркы учурда 150000 сомдук азык-түлүктөр бар.

Сооданы баштаганда 60000 сомдук каражат бар эле азыр киреше көбөйүп көбүрөк азык-түлүктөр бар. Ачылганына аз эле убакыт болсо да бул дүкөндүн кардарлары аз эмес.

Ушул маалга чейин бул дүкөнгө адамдардан арыз муң түшкөн эмес. Дүкөндүн ээси адамдарга акчасы жок болуп калса насыяга да берип турат.

Дүкөн ээси Зейнура эженин айтымында » Бул дүкөндөн түшкөн каражат менен үй-бүлөмү багам. Кудайга шүгүр күнүмдүк турмушубузга чыгып турат»-деп билдирди дүкөн ээси.
Айыл тургуну Сыдыков Алмаздын айтымында » Бул дүкөндөн биз дайым соода кылып турабыз, жакшы маанайда тосуп алып, акча жок болуп калган учурда насыяга берип турат»- деп билдирди айыл тургуну.
Даярдаган: Алмамбет уулу Нурмухаммед