Ноокат районуна караштуу Шаңкол айылына балдар бакчасы ачылды. Балдар бакчасынын курулганын себеби айылда балдар көп болуп мурунку бала бакчага батпай, бала бакчага бара албай калган үчүн ушул бала бакча ачылды.

Балдар бакчасын Сатиева Эркайым атуу айыл тургуну ачкан. Ал өзүнүн жашаган үйүн балдар бакчасына айландырып өзү болсо ашканасында жатат. Бала бакчанын каражаттарына демөөрчү Сатиева Эркайымдын уулдары жана элдер жардам беришкен.

Балдар бакча 40 балага ылайыкталган. 40 баланы 5 тарбиячы тарбиялайт. Балдардын ата-энесинен айына 500 сом өлчөмүндөгү акча алынат, анын 400 сому балдардын тамак-ашына кетсе, ал эми 100 бакчага иштетилет. Тарбиячыларга мамлекеттен айлык акы берилет.

Бала-бакчанын мүдүрү Сатиева Эркайым » Мен мурунку эски бала бакчада 20 жыл иштегенмин. Андан кийин пенсияга чыктым эле, карап көрсөм бала бакчага батпай калган балдар үчүн жаңы бала бакча ачсам деген ой келип, азыр мына бала бакча да ачып сүйүнүп турам»

Айыл тургуну Абдразакова Фариданын айтымында «Биздин балдар бала бакчага батпай барбай калып калат эле, азыр болсо эки бала бакча балдар батпай калган учур жок»- деп билдирди Абдыразакова.
Даярдаган: Насиркул кызы Айжибек
Рахматилла кызы Нургүл