“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Ноокатта аялдар арасындагы топ болду

5 Март 2018 жыл 12:23
Көрүүлөрдүн саны: 196

Ноокат районуна караштуу Кенеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылында аялдар арасында волейбол болуп өттү.

Ал топко Куу-Майдан айылынан 5 команда катышты. Жаштык,Ынтымак,Байчечекей,Достук жана Мектептин атынан мугалимдер командалары оюнга катышышты.

Бул оюнду Кенеш айыл өкмөтүнүн депутаты Козу кызы Зиягүл уюштурган.

Байгеге 1- орунга 1000 сом торту менен, 2-орунга 800 сом торту менен,3- орунга 500 сом торту менен жана калгандарына белекке торттор коюлган.

 

Оюндун аягында 1- орунга Жаштык командасы озуп чыкты, ал эми 2- орунду болсо мектеп мугалимдери ээледи. 3- орунду Ынтымак командасы алды.

Уюштуруучу Козу кызы Зиягүлдүн айтымында»Топту аялдардын келе жаткан майрамы менен куттуктоо катарында уюштурдум. Менин оюмча топ жакшы болду, дагы да ушундай жана башка иш- чараларды уюштурууга аракет кылам деди.

Көрүүчүлөр да аябай ыраазы болуп кетишти.

Ал эми ойногон оюнчулар болсо Козу кызы Зиягүлгө ырахматын айтышты.

Даярдаган:Эльвира Садирали кызы