“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

«Жоокер ыры «конкурсу

5 Март 2018 жыл 14:02
Көрүүлөрдүн саны: 124

Ноокат районуна караштуу Кенеш айыл өкмөтүндөгү Куу- Майдан айылынын Жапар Нышанов атындагы орто мектепте»Жоокер ыры» аттуу сынак болуп өттү.

Ал сынакка Нышанов,Ак-Чабуу, Айбек, Алпиев жана Барпы мектептери катышты.

Бул конкурс » 23- февраль Ата-Мекенди коргоочулар «күнүнө карата уюштурулган.

 

Калыстардын чечими менен 1- орунду Жапар Нышанов атындагы орто мектебинин 3 окуучусу алды.

Райондук турга Нышанов мектебинен 3 окуучу,Айбек мектебинен 1окуучу , Барпы мектебинен 1 окуучу ,       Ак-Чабуу мектебинен 1окуучу өттү.

Женүүчү Далыев Мухаммед»Мен аябай сүрдөдүм бирок жакшы эле аткардым деп ойлойм » — деди.

Калыстардын айтымында » Конкурс жакшы өттү, балдарыбызды патриоттукта чакырган ырлар көбөйө берсин»- деп сөздөрүн толуктады

Даярдаган : Эльвира Садирали кызы