
Ноокат районуна караштуу Кенеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов атындагы орто мектебинде «Мыкты кыз-2018 » сынагы болуп өттү.

Сынакка 11-классынан Таалайбек кызы Айдана, 10-классынан Орозмамат кызы Назима, 9-класстан Сүйөрбек кызы Чолпонай жана Медербек кызы Акмаанай катышышты.
Концерттик программмада:
Саламдашуу,
Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынан монолог,
Хоббиси,
Чач жасоо,
Кыргыз бийи,
Клип аткаруу,
Конок тосуу программалары болду.
Калыстардын чечими боюнча 1-орунда Таалайбек кызы Айдана, 2- орунда Сүйөрбек кызы Чолпонай, 3- орунда Орозмамат кызы Назима , 4- орунда Медербек кызы Акмаанай болушту.

Уюштуруучу Гүлмайрам Исмаилованын айтымында » Конкурс өтө сонун болду. Мурдагы жылга караганда өзгөчөлүктөр болду.»- деди.
Калыстардын мүчөсүндөгү Сайитматова Иризман «Бул сынак мен үчүн жакшы өттү. Кыздардын мындай таланттарын көрүп аябай сүйүндүк.»-деп сөзүн толуктады.
Даярдаган: Эльвира Садирали кызы