
Ноокат районунудагы Кенеш айыл өкмөтүнүн Арбын орто мектебинде Туберкулёзго каршы семинар болуп өттү .

Бул семинарды Арбын айылынын АДКнын төрайымы Айгүл Мамажунусова уюштурган.

Семинарга Арбын орто мектебинин окуучулары , соц педагогдор, айыл тургундары,АДКнын председателдери катышышты. Ошондой эле айыл өкмөтүнөн да келишишти.

Баарындагы Ден-соолук чындоо комитетинин адистери, Кызыл Жарым Ай коомунун потранаждык сестрасы Мукадам Абдибаитова жана фидзиатор врач Илхомжан Наманжанов дагы келип өз кенештерин айтышып, суроолорго жооп беришти.
Мукадам Абдибаитова»Кыргызстанда кургак учук менен ооруган адамдар өтө көбөйүүдө. Биз ооруну алдын алуу үчүн ар кандай иштерди жүргүзүп жатабыз. Ар бир короого кирип маалымат берип, китепчелерди таратып жатабыз. Эгерде биз кургак учукту алдын алган болсок, анда биз оорунун санын азайткан болобуз.» — деди.

АДКнын төрайымы Айгүл Мамажунусованын айтымында»Мен бул семинарды АДКнын мүчөлөрүнүн башын бириктирип , тажрыйбалар менен бөлүшүп, элге кенири маалымат берүү үчүн өткөрдүм. Семинар мен ойлогондой эле жакшы болду жана баары көнүлдүү олтурушту. Мындай семинарларды дагы уюштурууга аракет кылам»-деп оюн билдирди.

Көрүүчүлөрдүн айтымында акция аябай жакшы өттү. Билбеген көп нерселерди билип алдык деп билдиришти.
Даярдаган: Эльвира Садирали кызы