Ноокат районуна караштуу Шаңкол айылынын Даар-Суу мектеби 1992-жылы ачылган, мурунку Светлов мектебинен бөлүнүп чыккан. Мектеп негизинен 170 окуучуга ылайыкташтырылган азыркы үчурда аталган мектепте 240 окуучу окуп жатат, мектептин төрт тарабы цемент менен курулган, жадакалса шыпдагы цемент менен бүткөн. Мектеп сыз болгондуктан полудагы чирип кеткен.

Даары-Суу атындагы мектеп курулгандан бери эле суук болуп келет. Аталган мектептин абалыда начар болуп жатат. Аталган мектептин жамааты колунан келгенин кылып жатат. Мектеп жамааты айыл-өкмөткө, райондук билим берүү бөлүмүнө, акимиятка, дем берүүчү грантка, ПРООН уюмуна кайрылып көрүшкөн.

ПРООН уюмунан жардам көрсөтүлүп мектептин полун жаңылап берген. Мектеп тескей жерде жайгашканы үчүн полу тез эле чирип калган. Мектеп кышындада, жазындада суук болот.

Мектеп мугалими Сонун Эрмекбаеванын айтымында «Биз көптөн бери аракет кылып келе жатабыз. Көптөгөн жерлерге кайрылдык, анандагы биз өзүбүз окутуп койгон окуучулар бар экен, бүтүрүүчүлөр окуунун аягында колунан келген жардамдарын берет.»

Мектеп окуучусу Турсун уулу Байсалдын айтымында » Биздин мектеп чынында суук болот. Кышында гүрмөлөрубуздү чечпей отурабыз, «- деп билдирди.
Автор: Айжибек Насиркул кызы Хусейн Курсантбек уулу