Ош облусунун Ноокат районунда алма терүү аяктап жатат. Алма жашоочулардын негизги кирешелеринин бири болуп эсептеплет.

Учурда Ноокат районунда алма терүү аяктап калды, октябрь айынын аягына чейин багбандар алмаларын жыйнап терип алышат. Негизинен алганда алма Ноокат элинин негизги кирешеси болгондуктан, жылдан жылга алманын түрлөрүн өстүрүп жатат. Ноокаттын алмасын экспорттоо боюнча 4 мамлекет менен келишим түзүлгөн, багбандарга азыр Казакстандын шарттары туура келип жатат.

Жыл өткөн сайын алма бактары кеңейүүдө, өткөн жылы 320 гектар алма багы болсо, быйыл 23 гектар алма багы эгилген.2017-жылы алманын түшүмү 70 миң тоннага жеткен, 73 миң тонна түшүм алынаары күтүлүп жатат.

Алманы кароонун, терүүнүн өзүнүн эрежелери бар. Алманы жылына эки жолу, жазында жана күзүндө бутайт. Убагында даарысын берип, туура бутаган болсо алманын түшүмдүүлүгү жогору болот. Алманын жакшы сакталуусу үчүн үзүп жатканда ага көңүл буруу керек. Эгерде алманын сабагы дарагында калып кала турган болсо сактоо мөөнөтү төмөн болот, сабагы менен үзүлгөн алманы көп убакытка чейин сактоого болот.

Алма менен көп убакыттан бери алектенип жаткан Толгонай Добулованын айтымында «Мен алма менен алектенгениме 15 жылдын жүзү болду. Азыркы учурда 50 түп алма бар, бир жылда 4-5 тоннага жакын алма алабыз. Алма көп сүуну талап кылбайт, өз убагында даарысын берип, карап турса алма түшүмүн берет»
Даярдаган: Курсантбек уулу Хусейн