Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылынын Жапар Нышанов орто мектебинде кайрымдуулук концерт өттү. Ал концерт көзү азиз адамдар үчүн уюштурулган.

Фонд тарабынан уюштурулган бул концерт ар кайсы облусттарга, райондорго, жеткиликтүү айылдарга барып өз онорлорун көрсөтүп жатышат. Ырдаган катышуучулар ар кайсы жерлерден топтолушуп келишкен.

Ырлары жагымдуу, онорлуу аткаруучулардын талантына суктанган эл, аларды аябай колдоп беришти. Аткаруучулар атактуу эстрада ырчыларынын ырларын ырдашты. Айрыкча баарына жаккан көзү азиз кыздын ыры баарын таасирлентти.

Алып баруучу ар кандай тамашалуу оюндарды окуучуларга ойнотуп элдин көңүлүн которду. Ыраазы болгон эл аткаруучуларга оздорунун гулдорун тапшырышты.
«Бул концерт абдан жакшы өттү. Биз өтө жакшы маанайда турдук, алардын аткаруучулук талантына аябай таасирлендик»-деп белгилеп кетти 11-класстын окуучусу Зарина Абжапарова.
Даярдаган: Эльвира Садирали кызы