“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Кеңеш айыл өкмөтүнө танка алып келинди

15 Ноябрь 2018 жыл 9:49
Көрүүлөрдүн саны: 97

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнө танка алып келинди. Максаты согушка катышкандардын элеси унутулуп кетпеши үчүн атайын Бишкектен алынып келинди.

Бул танка айыл өкмөт тарабынан сунушталып жогору жака кат жолдогон эле, былтыркы жылы кат жолдогондо Кеңеш айыл өкмөтүнө тийбей  калган, кийинки жылы беребиз деп убада берген болчу быйыл алып келинди! —  деп билдирди Туратбек Кудайбердиев.

Жаш муундарга патриоттук сезимдерди ойготуу үчүн аракеттерди көрүп, бул танканы көргөндө өздөрүнө таасир алып ата-бабаларды эстеп, элге татыктуу кызмат кылуу макстында танка коюлду.

Авган согушунун ардагери Насиркул Жороевдин айтымында » Биз бул танканын келишине кубандык себеби дегенде бул танка бизге ата-бабаларыбыздын элесин, бизди кантип коргогонун эстетип турат. Биздин айылдын жаш кадрлары коруп, таанышып жакшы бир сезимдерди калтырат деген ишеничтемин. «- деп билдирди.

Даярдаган: Насиркул кызы Айжибек

мыкты макала сынагы үчүн