“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Куу- Майдан айылында фельдшердик акушердик пункту ачылды.

9 Декабрь 2018 жыл 10:25
Көрүүлөрдүн саны: 59

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында фельдшердик акушердик пункту ачылды. Бул ФАП Куу-Майдан айылынын тургундары үчүн кызмат кылат.

Бул ФАП элдин салымы менен жана атайын спонсорлор тарабынан курулду. Бул жерде жеңил ооруларды, кош бойлуу аялдарды, жаш балдарды жана башка женил оорулардын түрлөрүн даарылайт. Бул ФАПка жалпысынан 100 миңге жакын акча каражаты сарпталды.

Бул ФАПтын башкы даарыгери Дилфуза Кубатбек кызы . «Бул ФАПты эл үчүн ачтык, аз да болсо элге жардам болсун деген максат менен. Бул курулушка мен өзүм 15 миң сом акча каражатын чыгардым, элдер да өздөрүнүн каалосу менен 100 сомдон 1000 сомго чейин акча чыгарышты»-деп билдирди Дилфуза Кубатбек кызы.

Куу-Майдан айылынын жашоочуларынын айтымында «Бул биз үчүн жакшы жаңылык болду себеби дегенде биз мурун айыл өкмөткө караштуу ооруканага каттайт элек, ал оорукана алыс эле. Азыр өзүбүздүн айылга курулуп болду.»

Даярдаган: Тинатин Коңурбаева