“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Шанкол орто мектебинде жаштарды чечендике сөзмөрлүкө үйрөтүү боюнча семинар болуп өттү. 

25 Декабрь 2018 жыл 9:59
Көрүүлөрдүн саны: 204

Ноокат районуна караштуу Шаңкол айылынын Шаңкол орто мектебинде жаштар үчүн эркин баарлашуу, чечендүүлүкө үйрөтүү боюнча семинар болуп өттү. Семинарга Н.Исанов айыл өкмөтүнөн жана Кеңеш айыл өкмөтүнөн 10 го жакын мектептен окуучулар барып катышты.

Семинар учурунда окуучулар өз таланттарын көргөзүп беришти. Жаштардын жашоого болгон көз караштарын оңдоо, ойлонуусун өрчүтүү жөнүндө сөздөр айтылды. Бул семинарга атайын Бишкек жана Ош шаарларынан адистер келип өз билгендери жөнүндө сүйлөп беришти.

Уюштуруучу Абдумитал Паязовдун айтымында «Балдарды эркин баарлашуу,  чечендикке уйротуу үчүн атайын максат коюп алган элек,  азыр андан да кызыктуу болду бир б лугун алган болсок азыр анданда кенениреээк болду»-деп билдирди Паязов.

Даярдаган: Айжибек Нисиркул кызы