“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Куу-Майданда жаңы жыл майрамдалды

30 Декабрь 2018 жыл 20:34
Көрүүлөрдүн саны: 93

Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын Ж. Нышанов атындагы орто мектебинде жаңы жыл майрамдалды.  Жаңы жылга баардык класстар катышты.

Жаңы жыл 0-класстан тарта 11-класска чейин майрамдалды.  Жаңы жыл жомоктор, бий,  ырлар,  тамаша менен коштолду.  Жаңы жыл ойдогудай жакшы деңгээлде болуп өттү.

Майрамды көрүүгө ата-энелер да келди.  Майрам эки күн болду.  Биринчи күнү 0-класстан 7-класска чейин болсо,  экинчи күнү 8-класстан 11-класска чейин болду.

Майрамды уюштурган  Айжамал Абдыкеримованын айтымында «Жаңы жыл жакшы деңгээлде болду.  Окуучулар аябай жакшы даярданышкан.  Кыргыз элимин жаңы жылы менен куттуктайм» — деп билдирди Абдыкеримова.

Окуучу  Муслима Гафуржанованын айтымында «Жаңы жыл мага аябай жагат, жаңы жылды аябай сонун өткөрдүк. Себеби бийледик,  ырдадык,  ойнодук» — деп билдирди.

 

Даярдаган: Айжибек Насиркул кызы