“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

XXI кылымдын интелектуалдары конкурсу болуп өттү

13 Февраль 2019 жыл 20:08
Көрүүлөрдүн саны: 175

Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын Ж.Нышанов атындагы орто мектебинде ХХI кылымдын интелектуалдары конкурсу болуп өттү.

 

Конкурска 7-8-9-класстардын окуучулары катышты, конкурс аябай таң калаарлык кызыктуу болду. Катышкан окуучулар өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүп 1-2-3-орундарга ээ болуп мактоо баракчаларын алышты.

 Майрамды уюштурган Айжамал Абдыкеримованын айтымында «ХХI кылымдын интелектуалдары конкурсу аябай кызыктуу өттү, балдар биз күтпөгөн өрт өчүрүүчү роботторду, плесосторду, каруселдерди, вертолёт торду,кумду суунун жардамы менен сүзүп алуучу крандарды жасап келишиптир. Биз балдарга аябай ыраазы болдук, мындан ары да балдарыбыздын өнөрү өркүндөп мамлекетке салымын кошкон жигиттерден болсун»-деп билдирди Абдыкеримова.

Конкурстун жеңүүчүсү Марсел Абдыкалил уулунун айтымында «ХХI кылым заман өнүгүп жаткан учуру ошондуктан замандын талабына жараша бардыгы эле технология болуп калды. Мен ушул убакытка чейин 2 жолу ушундай конкурстарга катышып сыйлыктарды алганмын, мага ушундай ойлоп табып өз эмгегим менен иштеген жагат». -деп билдирди Абдыкалил уулу.

Физика мугалими Мубара Кадырованын айтымында «Окуучулар мүмкүн болушунча өздөрүнүн интелектине жараша жасап келишти, айрыкча Марсел өзгөчө таң калтырып жасап келиптир. Биз балдарга 1-2-3-орундар менен белгилеп сыйлык берип аларды кур калтырган жокпуз, алдыңкы орундагы балдарды райондук турга алып барсак деп турабыз. Жаштар биздин келечегибиз окуучуларга дагы да ийгиликтерди каалайбыз. Келечекте биздин айылды гулдөткөн жигиттерден болушсун.»-деп билдирди Кадырова

Даярдаган: Айжибек Насиркул кызы