
Сынакка 11-классынан Толубаев Бекжан, 10-классынан Сыймык Бороон уулу, 9-класстан Бекзат Нурлан уулу жана Ажибек Абдиалым уулу катышышты.
Концерттик программа:
1) Саламдашуу.
2) Өзүн өзү тааныштыруу.
3) Хоббиси.
4) Жоокер ыры.
5) Таяк тартышуу.

Калыстардын чечими менен 1-орунда Бекжан Толубаев, 2-орунда Бекзат Нурлан уулу жана Ажибек Абдиалым уулу, 3-орунда Сыймык Бороон уулу болушту, жигиттер өздөрүнүн мыктылыгын, тайманбастыгын көрсөтүшүп, мактоо баракчаларын алышты.

Сынактын катышуучусу Ажибек Абдиалым уулунун айтымында «Мыкты жигит эң жакшы деңгээлде өттү, катуу даярдандык атаандаштар менен эч кандай талашып-тартышуу болбоду, конкурс мага аябай жакты»-деп билдирди Абдиалым уулу.

Уюштуруучу Айжамал Абдыкеримованын айтымында» 23-февраль Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Балдар берген тапшырмаларга туура жана так аткарышыптыр, Кыргызстандагы бардык мырзалардын майрамы менен куттуктайм»- деп сөзүн толуктады.
Даярдаган: Насиркул кызы Айжибек.