Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов атындагы орто мектебинде сармерден болуп өттү, сармерденге өнөрлүү, шыктуу,тайманбас кыз-уландар катышышты.

Сармерден жогорку деңгээлде өттү, баары кызыгып катышуучулар эмес күйөрмандар да сырттан колдоо көрсөтүп, кызыгып көрүштү. Бул иш чара жыл сайын болуп турат. Албетте жеңүүчү жана жеңилүүчү болот, балдар жеңүүчү болуп абдан кубанычта болушту.

Эрке бала, алып баруучу Хусейн Курсантбек уулунун айтымында «Сармерден биз учүч эң мыкты өттү, аябай даярдандык, кыздар да абдан күчтүү болушту, күчтүү жеңет демекчи биз жеңдик, дагы да ушундай конкурстар боло берсин, баарына ийгилик»- деп сөзүн толуктады Курсантбек уулу.
Уюштуруучу Айжамал Абдыкеримованын айтымында «Конкурс жакшы өттү, сармердендин катышуучулары программага ылайык жакшы деңгээлде даярданышыптыр, балдар кыздар өздөрү эле алып барып даярданып, кызыктуу өткөрүштү»-деп билдирди Абдыкеримова.
Даярдаган: Айжибек Насиркул кызы.