“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

«Рахмат сага алиппе» майрамы

24 Март 2019 жыл 8:19
Көрүүлөрдүн саны: 224

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов атындагы орто мектебинде 1-класстардын өзгөчө, бир жолу боло турган өздүк алиппе майрамы болуп өттү.

Балалыктын таттуу күндөрү, алгачкы мектеп жолу, 11 жыл чогу болгон классташтар алар менен таанышкан күндөр баары 1-класстан башталат эмеспи. Бул майрамдын себепкерлери кичинекей бөбөктөрдүн өмүрүндө биринчи жана акыркы жолку эсте калаарлык майрамы аябай кызыктуу өттү. Балдар бийлеп, ырдап, тамгалар менен өздөрүн тааныштырып, мугалимге ыр саптарын арнашты.

1-б классынын класс жетекчиси Райкан Ибрагимованын айтымында » Алиппе майрамы жакшы, кызыктуу өттү. Балдар активдүү катышышты, ата-энелердин да жардамы жакшы болду жомокторду аткарып беришти ,бийлерине көмөк көрсөтүп үйрөтүштү, баарына чооң рахмат»,-деп билдирди Ибрагимова.

1-а классынын окуучусу Арапат Далыеванын айтымында «Бизге майрам  жакты айрыкча бийлеген, ырдаган, жомокторду аткарган, мага машанын образы түштү мен эң сонун кылып аткарып бердим»,-деп билдирди Далыева.

Ата эне Айзирек Таированын айтымында «Балдарыбыздын кубанычы биздин бактыбыз, балдарыбыз эң жакшы маанайда майрамды өткөрүштү, мугалимдерге да рахмат кичинекейлерди даярдагандары үчүн»,-деп билдирди Таирова.

Даярдаган: Айжибек Насиркул кызы.