“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Жаз мезгилине карата даярдыктар журуп жатат.

25 Апрель 2019 жыл 12:04
Көрүүлөрдүн саны: 99

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында жаз мезгилине карата даярдыктар журуп жатат. Бул иштерди аткарууда Куу-Майдан айылынын башчысы Кеңеш Асамидиновдун эмгеги чоң. Атап айтсак чоң чоң арыктар жана суу кетүүчү латоктор тазаланды.

Тазалоого айыл тургундары ашар кылышып жардам беришти. Айыл өкмөт да колдоо көрсөтүп кээ бир жерлерине экскаватор колдонулду. Баары болуп 600 метрден ашык арыктар латоктор тазаланды.

Кээ бир тургундар жерлерине ар түрдүү мөмө жемиштердин көчөттөрүн отургузушту. Эгин талааларына картошка эгилип, буудай, жүгөрү, арпа, беде сыяктуу эгиндердин үрөндөрү себилди. Ушул иштерди аткарууда иштеген тургундарга ПРООН тарабынан ун, май берилди. Быйыл буйруса талаадагы эгиндердин түшүмдөрү мол болот.

Абдимитал Толубаевдин айтымында «Өткөн жылы латоктор тазаланбай суулар чыгаша болуп, эгиндерге суу жакшы жетпей жаткан. Быйыл буйруса талаадагы эгиндерден мол түшүм алабыз деп турабыз»-деди.

Даярдаган: Тинатин Коңурбаева