“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Мектептерде ремонт иштери кызуу жүрүп жатат

1 Июль 2019 жыл 20:33
Көрүүлөрдүн саны: 127

Ноокат районундагы мектептерге ремонтко керектүү болгон жабдуулар таратылып билим берүүчү мекемелерде ремонт иштер кызуу жүрүп жаткан учуру. Ремонтко кеткен каражат жыл сайын республикалык бюджеттен бөлүнүп турат. Мектептерди мугалимдер бөлүп алышып ремонттоп жатышат.

Мектептер жыл сайын окуу аяктагандан кийин бир жолу ремонттон өтүп турат. Мептептин негизинен арталары, стулдары, дубалдары, эшиги краскаланат, бузулган парталар оңдолот.

Мектептеги ремонтко жыл сайын бүтүрүүчү окуучулар 9-11-класстар жардамдашат. 600 окуучуга ылайыкталган Жапар Нышанов мектеби быйылда ремонт иштерин өз убагында баштады.

Башталгыч класс мугалими: “Биз жылда өз-өз класыбызды ремонттон өткөрөбүз, ремонтко жогорку класстын окуучуларын бөлүп алабыз, алар бизге жардам беришет.”-деп билдирди Болдукыз Кудайбердиева.

Автор: Курсантбек уулу Хусейн