“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Сүрөт баян: Курулуш материалдар дүкөнү ачылды

31 Май 2020 жыл 21:11
Көрүүлөрдүн саны: 182

Ош облусунун Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүндөгү Куу-Майдан айылында курулуш материалдар дүкөнү ачылды. Бул дүкөн Кеңеш айыл аймагында биринчи жолу ачылды. Ачылганына он күндөн ашты.

Бул жерде үй чарба буюмдарынан баштап курулуш материалдарынын баары сатылат. Дүкөндүн ээси Рахматжан Мадраимов. Ал бул ишкерликти баштоону көптөн бери максат кылып жүргөн. Анын тилеги орундалып кубанып турган кези.

Бул курулуш материалдар дүкөнү 2019-жылдын сентябрь, октябрь айларында башталган. 2020-жылдын 10-майынан  баштап ишке кирди. Келген элдин баары ыраазы болуп кетип жатышат. Себеби элдер жүз сомдук буюм үчүн Ноокатка жолкире коротуп барып келишчү.

Бул дүкөндө эки сатуучу иштейт. Алардын айтымында:»Азыркы учурда кырдаалга жараша акырындан  соода болуп жатат.» Дүкөндө баардык коопсуздуктар сакталган, бардык шартка жооп берет.

Даярдаган: Хусейн Курсантбек уулу, Тинатин Конурбаева