Ноокат районуна караштуу Баарын ҮМБнын №9 үй-бүлѳлүк даарыгерлер тобуна жаңы тез жардам автоунаасы белекке берилди. №9 үй-бүлѳлүк даарыгерлер тобу Кеңеш айыл аймагын тейлейт.

жаңы тез жардам автоунаасы
Бул тез жардам автоунаасы Кеңеш айыл аймагынын элине жана медицина кызматкерлеринин күнүнѳ карата Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов тарабынан белекке берилди.

Автоунаанын ачкычын тапшырып жаткан учур
Жана ошондой эле Ноокат райондук администрациясынан, айыл ѳкмѳтү тарабынан, медицина кызматкерлерине ардак грамота, ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Медицина кызматкерлери ардак баракчалар менен сыйланды
№9 үй-бүлѳлүк даарыгерлер тобунун башкы даарыгери Ыкыбал Абдыкалык кызынын айтымында мурун бир эле тез жардам автоунаасы болгон:
“Кеңеш айыл ѳкмѳтүндѳ мурун бир эле кичинекей тез жардам автоунаасы бар болчу. Ал менен тейлегенге жетишпей калчуубуз. Эми болсо экѳѳ болду”,-деп билдирди.

өкмөт башчы кызыл лентаны кесип жаткан учуру

Айыл аксакалдары батаа берип жатышат
Азырынча жаңы автоунаанын документтери бүтѳ электигине байланыштуу ишке киргизиле элек.
Аймончок Кожонова