“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Пандемия учурунда интернет аркылуу келген маалыматтардын тийгизген таасири

26 Август 2020 жыл 0:19
Көрүүлөрдүн саны: 90

Коронавирус инфекциясы башталгандан бери эле вирус тууралуу ар кандай маалыматтар интернетти каптап кетти. Пандемия учурунда интернет аркылуу келген маалыматтардын тийгизген таасирин айыл тургундарынан сурап кѳрдүк.

Куу-Майдан айылынын тургуну Апиза Абсатарова интернеттен келген маалыматтардын оң жагы да терс жагы да болгонун билдирди.

Апиза Абсатарова

“Интернеттен келген маалыматтардын келген маалыматтардын оң таасири гигиенаны сактоо, ѳзүн-ѳзү коргонуу эрежелер боюнча маалыматтар болду. Ал эми терс таасири продукта кымбаттайт, кѳп-кѳп камдап алгыла деген маалыматтар болду. Ал маалыматтардын негизинде дүкѳндѳрдѳ баалар кымбаттап кетти. Ага ишенип биз да 2-3 кап ун алып сактап алганбыз бирок эч кандай тартыш болгон жок”.

Батма Назарова кѳбүнчѳ WhatsAppты колдонот: «WhatsAppтан коронавирус тууралуу туура да туура эмес да аябай кѳп маалыматтар келип атты. Биринчи пандемия башталган убакта ар кандай маалыматтарды окуп алып аябай коркуп аттык. Бирок үйдү бат-баттан желдетип тургула, эрежелерди сактагыла деген пайдалуу кеңештерди гана аткарып, гигиенага тиешеси жок маалыматтарды окубай ѳчүрүп койгонго аракет кылдым”-дейт айыл тургуну.

Батма Назарова

Кубанычбек Абдразаков интернет булактарынан келген маалыматтар адамдын психологиясына кѳп терс таасирин тийгизерин айтты.

Кубанычбек Абдразаков

“Пандемия башталгандан тартып жѳнѳкѳй телефон кѳтѳрүп бир да интернетке кирген жокмун. Телевизорду жандырсан жалан гана коронавирус тууралуу жанылыктар болгондуктан телевизор да кѳрбѳй койдум. Азыр эми гана интернетке кирип баштадым”-деп билдирди Кубанычбек Абдразаков.

Сүйүн Абдразаков

Сүйүн Абдразаков: “Интернетти жандырсаң эле WhatsAppтан бүгүн мынча адам ѳлдү мынча адам жуктурду деп коркута турган маалыматтар ѳтѳ кѳп келип атты. Башында эч ишенбей аткам ананыраак баргандан кийин элден оорудум, жаман экен бул оору дегендерди угуп анан ишеним пайда болду. Интернеттен келген маалыматтардын кѳпчүлүгү шок акыбалга калтырып койду”-дейт.

Аймончок Кожонова