“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Куу-Майданда Билим күнү белгиленди

2 Сентябрь 2020 жыл 7:43
Көрүүлөрдүн саны: 189

Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын Жапар Нышанов атындагы орто мектебинде Билим күнү белгиленип 1-класстар үчүн мектеп эшиги ачылды. Санитардык эрежелерди сактоо менен биринчи конгуроо кагылып, «Сүйүктүү Кыргызстаным» деген темада тарбиялык саат өткөрүлдү.

Окуучулар аралыкты сактап класстарга кирүүгө даярданып турушат

«Кырдаалга байланыштуу быйылкы 2020-2021- окуу жылы 1- класстарды эске албаганда дистанттык түрдө башталаары баарыбызга маалым болду. Биздин мектеп дагы онлайн окутууга даяр,мисалы ар бир класстар үчүн группалар ачылып,ата энелер тарабынан телефондор м-н камсыздалууда,билим берүү министри жөнөткөн теле сабактардын жадыбалына карап,кошумча жадыбалдар тузулду.

Азырынча zoom жана classroom,meet программалары менен,Ватсап аркылуу окутууга даярдыктар көрүлүүдө»,-дейт Жапар Нышанов атындагы орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Гүлмайрам Ысмаилова.

Мектеп окуу бөлүмүнүн башчысы Гүлмайрам Ысмаилова

Жапар Нышанова атындагы орто мектебинин директору Гүлзат Сапарбек кызы: «Кырдаалга жараша класстардын ичин сыртын, ажаткананы дезинфекция кылып, мектептин кире беришине кол аарчы, салфеткаларды коюп даярдап койдук. Аралыктан окутуу, санарип боюнча ар бир предметтен мугалимдерибиз семинарларга,вебинарларга катышып даярданышты.
Мектепте жалпысынан 650дөй окуучу бар. Аларды изилдеп көргөндө 4 окуучуда телефон жок болуп чыкты. Азыркы убакта бул окуучуларды тейлөөгө аракеттенип жатабыз»,-деп билдирди.

Мнктеп директору Гүлзат Сапарбек кызы

Башталгыч класс мугалими Нурайым Дыйканбаева: Быйылкы окуу жылында окуучулардына 1 метрден кылып шахмат түрүндө отургузабыз. Бир класстагы окуучулар 15-15тен болуп экиге бөлүнүп окутулмакчы».

Мектеп директору окуучуларды Билим күнү менен куттуктап жаткан кези

Башталгыч класс мугалими Гүлнара Мурзумуратованын айтымында 1-класстын окуучулары мурда бир сабакты 40 мүнөт окушса, быйылкы жылы 20минутадан окушат.

Окуучулар тарбиялык саат өтүп жатышат

Аймончок Кожонова