“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Пандемия шартындагы шайлоого даярдык

30 Сентябрь 2020 жыл 12:04
Көрүүлөрдүн саны: 112

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу быйылкы жылкы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо гигиеналык эрежелерди, аралыкты сактоо менен өтмөкчү.

3-октябрь күнү шайлоо өткөрүлүүчү жай дезинфекцияланат жана шайлоого келген ар бир жаранга беткап, колкап берилип, антисептик чачылып, аралыкты сактап шайлоочулар бирден гана киргизилет.

Шайлоо өтүлүүчү жай

Кабинкалар коюлуп даярдалды

Коляскадагы шайлоочулар үчүн кабинка

№5376 УШК катчысы Айжамал Абдикеримова шайлоого даярдыктар жөнүндө айтып берди.
Анын айтымында: «Азыркы учурда шайлоого даярдыктар күч, бир мүнөт да тыным жок. АШКдан келген ар бир иштерди группа менен аткарып жатабыз.

№5376 УШК катчысы Айжамал Абдикеримова жана төрайымы Айтигул Абдивалиева шайлоочулардын тизмесин тактап жатышат

Шайлоочу залды даярдадык, форма 1, 2 боюнча иштеп жатабыз. Күн сайын тизмелерди алып келип жанылап жатабыз»-дейт.

Шайлоочулардын тизмеси

Майыптыгы бар адамдарга пандустар орнотулганын ал эми үйлөрүнөн чыга албаган үй шартындагы шайлоочулар шайлоого 3 күн калганга чейин арыз жазып кайрылса үйлөрүндө олтуруп добуш бергенге мүмкүнчүлүк түзүлөрүн,чүчү кулактын негизинде операторлор барып добуштарын алып келишерин Куу-Майдан УШКсынын катчысы кошумчалап кетти.

Аймончок Кожонова