“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Карантин учурунда Кеңеш айыл аймагына мигранттар активдүү жардам беришти

6 Декабрь 2020 жыл 17:07
Көрүүлөрдүн саны: 125

Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагына пандемия башталгандан баштап жардам көбүнчө эл тарабынан берилип, алардын ичинен дагы мигранттар активдүүлүгүн көрсөтүшкөн.

Россияда иштеген мигранттар тарабынан келген жардам

Айыл жаштары тарабынан Кызыл-Аскер ФАПына керектүү буюмдар алынып берилген

Кеңеш айыл аймагында март айынан баштап пневмония оорусу менен катталгандардын саны 100дөн ашкан, ал эми коронавирустун жеңил түрү менен 20га жакын адам катталып, алардын ичинен 18 адам каза болду.

№9 ҮДТнын башкы дарыгери Ыкыбал Абдыкалык кызы

№9 ҮДТнын башкы дарыгери Ыкыбал Абдыкалык кызынын айтымында азыркы учурда жардам көрсөткөндөрдүн саны аз: «Кеңеш айыл аймагында абал туруктуу, эч кандай коркунучтуу жагдай жок. Дарыгерлерибиз айыл тургундарына толук кандуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат»-дейт.

Ооруканада бардык дары-дармектер, формалар, беткап, колкаптар жетиштүү. 4 кислородный аппарат бар.

Айжибек Алижанова