“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Бир туугандардын 3 күн күйүүчү меши элдердин кызыгуусун арттырды

18 Декабрь 2020 жыл 13:46
Көрүүлөрдүн саны: 372

Быйыл Кыргызстанда кыш эрте келип элдер кышка даярдыктарын эрте баштады. Элдер азыркы учурда баары үйлөрүн жылытуу менен алек болууда, кээ бирлери көмүр алып жатса кеебирлери базардын жылыткычтарды сатып алып жаткан учуру. Ноокат элинин жылуулук менен камсыз кылып жаткан Мурзашовтор өз иштери менен тааныштырды.

Канат-Канимет Мурзашов учурда Ош облусу боюнча элди жылуулук менен камсыз кылып жатат. Алар үйгө отопления жана жылыткыч мештерди куруп беришет. Кыш мезгили болгону үчүн алардын иши кызуу жүрүп жатат.

3 суткалык меш

Бир туугандар кесиби боюнча энергетик, жана авто механик. Алар бул ишти баштап калганынын себеби, алар жаны окууну бүткөндө акча керек болуп тобокелге салып ушул ишти баштап көрүшкөн, натыйжада бул ишти кылса болоорун көзү жеткен. Алар бул иш менен алектенгенине 5 жылдын жүзү болду.

Алар азыр 24 жана 25 жашта. Бир туугандар  бул ишти башында экөө эле баштаган болсо азыркы учурда алардын тобунда 7 жумушчу иштейт. Алардын тобунда ошол эле инилери Абдулвахит жана Бекжан Мурзашов иштеп жаткан учуру.

Бир үйдү  орто эсеп менен 25 миңден 70миңге чейин акча каражаты сарпталат. Бир мештин баасы 15 миңден 70 миңге чейин жасалат. Мештин ар кандай түрлөрү бар мисалы: майда көмүр, ирик көмүр, 3 күндө бир жага турган мештер бар, жана ар кандай кардардын каалоосуна карап жасап берет.

Канимет Мурзашовдун айтымында: «Азыркы учурда көбүнчө 1 сутка күйүүчү мештер жакшы талап кылынууда. Ага бир суткада бир жолу гана көмүр толтуруп коюу жетиштүү. Ал эми 3 суткалыктар да бар аларды болсо 3 суткада бир жолу гана толтурасын.

Биринчи меш жасап баштаганда башка усталардын жасаганын карап жасап баштаганбыз, андан кийин интернеттен көрүп ар кандай түрлөрүн жасап баштадык».

Элдерден арыз-муң азырынча боло элек, кепилдик бар. Эгерде бузулуп же иштебей калса оңдоп же алмаштырып беришет.

Эгерде буюртма бергиңиз келсе төмөндөгү номерге байланышсаңыз болот:

Канимет Мурзашов-0779 776 707.

Даярдаган: Хусейн Курсантбек уулу