Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында айыл тургундары фонд ачуу демилгесин көтөрүп чыкты. Ошол максатта айыл тургундары үчүн волейбол боюнча, жаштар арасында мелдеш болуп өттү.

Волейбол оюну 2 күн болду биринчи күнү жаштар арасында болсо, экинчи күнү жашы улгайып калгандар үчүн башка оюн уюштурулду. Волейбол мелдешине 16-жаштан баштап 50 жашка чейинки оюнчулар катышты. Оюнга кой, эчки, жана акчалай белектер ойнотулду.

Фонд ачуунун максаты, » Эгер фонд ачылып калса айыл үчүн көп жетишкендик болот эле, жакшылык жамандыктар үчүн бир айылда сөзсүз бир фонд болуп туруш керек экен»- деп билдирди айыл аксакалдары.

Фонд ачуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр көрүлүп жатат, фонд ачылып акча чогулуп баштагандагы биринчи максат айыл жаштары үчүн спорт залын салуу көздөлүп жатат, себеби дегенде айылда спорт зал жок болгондугуна байланыштуу айылдагы жаш жигиттер башка айылга барып машыгып жатышат.
Бул демилгени көтөрүп чыгып, бардык жоопкерчиликти өз мойнуна алган Артык Аматовдун айтымында » Биз баарын тактап чыктык, мисалга 1968-жылкылардан баштап 1998-жылкы жигиттерге чейин 1000 дей эркек адам жашайт экен, эгер биз алардын ар биринен 100 сомдон айына акча чогултсак, айына фондго 100000 сом акча түшөт экен, ошон үчүн бул фондду ачууга өз аракетимди жумшайм»- деп билдирди.