“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Куу-Майдандын тургундары бүгүнкү шайланчу депутаттардан айылдын өнүктүрүшүн күтүшөт

11 Апрель 2021 жыл 17:46
Көрүүлөрдүн саны: 227

Ноокат районунун Куу-Майдан айылдык №5376 Шайлоо участкасында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өз нугунда жүрүп жатат. Шайлоого келгендердин маанайы жакшы, эч кандай мыйзам бузуулар байкала элек.

№5376 Шайлоо участкасы

Куу-Майдан шайлоо участкасы талапка ылайык саат 8:00дө КРнын Мамлекеттик гимни ойнотулуп, милиция кызматкерлеринин жана байкоочулардын катышуусу менен башталды.

Шайлоо саат 8де КРнын гимни менен башталды

 

Оператор шайлоочуну идентификациядан өткөрүп жаткан учур

№5376 Шайлоо участогунда жалпысынан 1921 шайлоочу бар, саат 17:32де 535 жаран добуш берди.

Шайлоочуларга бет кап берилип, дене табы текшерилүүдө

Айтигүл Абдивалиева

Участканын төрайымы Айтигүл Абдивалиеванын айтымында мурдагы президенттик,парламенттик шайлоого караганда бүгүнкү шайлоонун катышуучулары активдүү экенин билдирди: «Шайлоочулар активдүү катышып жатышат, анткени бул жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо, айылга жардам берет деп алардан үмүттөрү чоң.»

Айгүл Алтыбаева

Айыл тургуну Айгүл Алтыбаева эл үчүн иштей турган талапкерди шайлайм деп келген: «Шайлана турган депутаттар элде кандай көйгөй болсо ошону чечип берет деген үмүттөбүз. Эл үчүн иштеп, эч үчүн күйүп, элге эмне керек болсо жеткирет деп ойлойбуз.»

Үсөн Эрматов

Үсөн Эрматов: «Биздин участкада жалпы талапкерлердин саны 15, алардын ичинен 7өөнө мүмкүнчүлүк берилген. Мамлекет тарабынан да аялдарга колдоо көрсөтүлүп алардын ичинен да 3 орун аялдарга берилди. Биздин өкмөттүн бюджети азыраак. Бюджетибиз аз болсо дагы аны элдин керегине, муктаждарга, социалдык абалды колдоо максатындагы иштерге өздөрүнүн салымын кошот деген ишеничтемин.»

Мээрим Орозалиева

Мээрим Орозалиева жаңы шайлана турган депутаттар айылга инвесторлорду тартып, айылды өнүктүрүп,мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошушаарын кааларын билдирди.

Нурмухаммед Султанов

Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкердин атынан келген байкоочу Нурмухаммед Султанов шайлоо учурунда мыйзам бузуу каттала электигин билдирди: «Шайлоочулар эркин келип шайлап жатышат. УШК мүчөлөрү өз иштерин так аткарып жатат деп ойлойм.»

Аймончок Кожонова