“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Дары-Булак айылынын Котур Булак сайы тазаланды

2 Май 2021 жыл 20:28
Көрүүлөрдүн саны: 65

Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагынын Дары-Булак айылында сел коркунучунун алдын алуу максатында Котур Булак сайы тазаланды.

сайды тазалоо учуру

Демилгени айыл өкмөтү Ноокат райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү менен биргеликте көтөрүп, жергиликтүү бюджеттен 45миң сом каралып 200 метр жер тазаланды.

Сайдагы бардык чоң таштар алынды

Кеңеш айыл өкмөт башчысынын орун басары Жеңишбек Исаевдин айтымында:
“Бул сайды абалга карап жылына бир жолу тазаланып турат. Бирок, кээде тазалагандан кийин да толуп калса, кайрадан тазаланат.”

Жеңишбек Исаев

Дары-Булак айылынын тургуну Гүлзада Аширбекованын айтымында сайдан мурда сел келип айыл тургундарына коркунуч жараткан:

Гүлзада Аширбекова

“Сел келип бир үйдүн унаасын, малдарды агызып кеткен, жолду да бузуп жол жок болуп калган. Ошондо өкмөт бузулган жолду кайрадан калыбына келтирип, оңдоп азыр жакшы мурдагыдай сел жок”

Турсунбек Кудайбердиевдин айтымында Котур Булактын абалы начар бойдон калууда:

Турсунбек Кудайбердиев

“Ичкенге сууну ушул сайдан ташып ичебиз. Жамгыр көп жааганда сел келет, суу бир айга чейин тунубайт, ылай суу болот. Андайда сууларды тунутуп анан ичебиз”

Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикилер фонддун көз карашын чагылдырбайт.

Аймончок Кожонова