“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Куу-Майдан айылында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрдү

7 Май 2021 жыл 22:00
Көрүүлөрдүн саны: 340

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Куу-Майдан айылында 7-май күнү кечки саат 6лар чамасында мөндүр аралаш жааган нөшөрлүү жамгырдан улам сел жүрдү. Кесепеттен улам айылдагы кээ бир үйлөрдүн короолорун, жер төлөлөрдү жана малканаларын суу каптады. 

Жамгырдан улам пайда болгон селдин кесепети канча зыян келтиргени азырынча белгисиз.

Аймончок Кожонова