Жергиликтүү кеңештин депутаттары айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кызмат акыларын белгилеп же алардын акысына кандайдыр бир таасирин тийгизе алышабы? Кызматкерлердин кызмат акысын белгилөө укугу кимде бар? Алдыда, «Ачык өкмөт» уктуруусун угуп, бул суроого жооп ала аласыздар.
«Жергиликтүү кеңештин депутаттары айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кызмат акыларын белгилей алышабы?» — деген суроо менен жергиликтүү кеңештин депутаттарына кайрылдык.
Бул суроого жергиликтүү кеңештин депутаты Насиркул Жороев төмөнкүдөй жообун узатты:

Жергиликтүү кеңештин депутаты Насиркул Жороев
«Жергиликтүү кеңештин депутаттары өкмөттүн, өкмөттө иштегендердин айлыгын чектей албайт, ал жогору жактан чектелет. Депутаттар ага киришпейбиз, биз бюджетти гана кабыл алып беребиз жана көзөмөлдөйбүз» .
Теманын алкагындагы суроого жергиликтүү кеңештин депутаты Турсунай Кадырова да жооп берди:

Жергиликтүү кеңештин депутаты Турсунай Кадырова
“Айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин кызмат акылары бул мамлекет тарабынан белгиленген акчалар. Кошумча бир штат алып калса ошого макулдук бериши мүмкүн, анда дагы айыл өкмөтүнүн бюджетинен сыртка чыга албайт. Айлыка деп акча бөлүнөт анын четине чыга албайт, мисалы депутаттар жылдын башында айыл өкмөттүн кызматкерлерин жаңыдан шайлаганда ар биринин айлыгы жогорудан белгиленип келет. Мисалы айыл өкмөттүн катчысынын айлыгы мынча, өкмөттүн айлыгы мынча деп баары бекитилип келет, ошону гана колго салып бекитип коюшат”.
Ал эми Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Бексултан Ташболот уулунун айтымында кызматкерлердин кызмат акылары айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан гана бекитилет:

Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Бексултан Ташболот уулу
“Жергиликтүү кеңештин депутаттары айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин кызмат акысын белгилей алышпайт. Тагыраак айтканда “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун” 31-беренесинде эч кандай мындай ыйгарым укуктар жергиликтүү кеңештин депутаттарына берилген эмес жана каралган эмес. Кыргыз өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы 451-токтомунда белгиленгендей жергиликтүү өзүн өзү башкаруунун штаттык санына жараша айыл өкмөтү тарабынан белгиленет”.
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикилер Фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Аймончок Кожонова