Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл аймагынын Ак-Терек айылында ичүүчү суу сактоочу жай курулууда.
Бул суу сактоочу жайга кеткен материалдар үчүн айыл өкмөт тарабынан 35000 сом акча каражаты бөлүндү. Ал эми азык-түлүк программасы тарабынан ишкерлердин кызмат акылары үчүн ун жана май берилет.

Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Жеңишбек Исаевдин айтымында Бул суу сактоочу жайдын курулушунун себеби Ак-Терек айылы адырда жайгашкандыктан суунун запасын кармоо максатында курулуп жатат жана Ак-Терек айылынын тургундары, айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери тарабынан уюштурулду. Суу сактоочу жайдын курулушунун пайдасы Как, Кош-Короо участкаларынын жашоочулары суу менен камсыз болот. Айыл өкмөт тарабынан курулуш материалдары үчүн 30000 сом акча каражаты ал эми азык-түлүк программасы тарабынан ишкерлердин кызмат акылары үчүн 35000 сомдун тегерегинде ун май берилет. Учурда жумуш 70% аткарылды» — деп билдирди Исаев.

Жеңишбек Исаев
Ак-Терек айылынын тургуну Хабиба Жороеванын айтымында «Бизде Таза-Суу деген булак бар ошол булакка суу топтолуп калат ошол жерден ичебиз азыркы учурда көпчүлүк адамдар үйлөрүнө яма куруп өздөрү суу куйдуруп ичишет. Учурда айыл өкмөт тарабынан курулуп жаткан суу сактоочу жайды күтүп отурабыз бизге жакшы болмок эртерээк бүтүп калса себеби ушул мезгилде суу тартылып бизге чоң көйгөй жаратат»- деп билдирди Жороева.
Ак-Терек айылынын тургуну Майрагүл Урманбетованын айтымында «Биздин үйдө яма бар ошол жерге суу толтуруп алып ичебиз, биздин айылда булак дагы бар аны кээде ичүүгө болбой дагы калат айылыбызда көпчүлүк адамдар сууну шаардан сатып ичишет. Айылыбыздын көйгөйү суу тууралуу сууга муктаждыгыбыз чоң. Айылыбыздын адамдары жардам бербесе өкмөттөн эч кандай жардам болбойт. Сырттан жардам беребиз деп келгендер болду бирок суу боюнча эч ким эч кандай жардам бергиси келбеди. Азыркы учурда курулуш иштери болуп биздин суу боюнча маселебизди чечип коюшса жакшы болмок»- деп билдирди Урманбетова.
Ак-Терек айылын дагы бир тургуну Нурбек Зулпукаар уулунун айтымында » Айылыбызда булак бар ошол жерден элдер суу зарыл учурда өзүнө керектүү өлчөмдө алып кете беришет. Ал суу жерден чыгып топтолот. Бизге айылдын ортосунан жердин астынан суу чыгарып берсе жакшы болмок мен ошону суранат элем. Айыл өкмөт азыркы курулуп жаткан суу сактоочу жайга керектелүүчүлөрдү өзү камсыздап жатат»- деп билдирди Зулпукаар уулу.
Айжибек Алижанова