Кеңеш айылдык жергиликтүү кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги бешинчи сессиясы болуп өттү. Ага 18 депутат, өкмөт башчы, ФЭБ башчы жана айыл башчылары катышышты.
Сессияда жалпысынан төрт маселе каралды: айылдык кеңештин бир жылдык иш планын бекитүү, айыл өкмөттүн 6 ай аралыгында аткарган иштери боюнча берилчү маалымат, айыл өкмөттүн 2022-жылга карата бюджеттин долбоору жана элден түшкөн ар түрдүү арыздар.

Сессиянын жүрүшү

Айыл өкмөт ФЭБ башчысы Абибилла Мадраимов 6 айда аткарылган иштер боюнча отчет берип жаткан учуру
Отурумдун башында Кеңеш айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Абибилла Мадраимов буга чейинки 6 ай аралыгында аткарылган иштер боюнча отчет берди. Андан соң депутаттар ФЭб башчыга суроолорун узатып талкуу жүрдү.

Төрага Орозбек Абдрахманов жана өкмөт башчы Улукбек Шапиев
Айылдык кеңештин төрагасы Орозбек Абдырахманов сессия тууралуу: “Бүгүнкү сессияда негизги маселелер каралды, айыл өкмөт баш болуп өкмөттүн 6 айлык жыйынтыгын айтып беришти андан сырткары 3 топко бөлүнгөн депутаттардын комиссиясы бюджет, социалдык абал жана жер боюнча жалпы корутунду айтышты”-деп билдирди.
Жергиликтүү кеңештин депутаттары сессиянын жүрүшү тууралуу өз ой-пикирлерин билдиришти:

Муса Пирманов
Муса Пирманов: “Бюджеттин бөлүнүшү боюнча бухгалтер толук маалымат бере албады себеби 6 айлык отчетто жылдын башында 17млн дегенден кийин 6 айда 7,5млн калыш керек эле ошондуктан талаш-тартыш көбүрөөк болуп кетти”.

Орозгүл Исабаева
Орозгүл Исабаева: “Бүгүнкү сессияда элдин бардык арыз муң, сунуштары каралап аны бардык депутаттар колдоп бердик. Мурунку калып кеткен маселелерди да таштап койбойтон аларды да кошуп бирге карадык”.
Арбын айылынын башчысы Канатбек Ибираим уулу сессия канааттандырарлык болбоду себеби ал суроолоруна толук жооп ала алган эмес:
“Берилген суроолорду чечүү үчүн эч кандай аракет жок, бөлүнгөн бюджетти да туура пайдалана албай жатабыз”.
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Аймончок Кожонова