“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Кеңеш айыл өкмөтүндө кышка даярдык жакшы

31 Август 2021 жыл 12:27
Көрүүлөрдүн саны: 68

Кеңеш айыл өкмөтүндөгү бардык мектептер жана бала бакчалар жаңы 2021-2022 окуу жылына даяр. Ремонт иштери баарында бүтүрүлгөн, ал эми азыркы учурда кышка даярдык жүрүп жатат.

Бул тууралуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Улукбек Шапиев билдирди. Анын айтымында Арбын мектебининен сырткары бардык мектеп, бала бакчалар кышка даяр:

“Арбын орто мектебинин эски имаратында бираз ремонт иштери бар, калгандары баары даяр. Көмүрлөрдү тендерге бергенбиз жакында алып беребиз. Тендерден жеңүүчү аныкталган, эми алып келип баштаса анан акча которобуз. Бир млн сомдук көмүр алынат.”

Өкмөт башчысы Улукбек Шапиев

Ал эми Кеңеш айыл өкмөтүндөгү оорукана, ФАПтардын кышка даярдыгын жана көмүрүн Ноокат райондук ооруканасы көзөмөлдөй тургандыгын кошумчалады.

Айганыш Орозмамат кызы

Жергиликтүү кеңештин Социалдык маселелер боюнча комиссиянын төрайымы Айганыш Орозмамат кызы комиссия мүчөлөрү менен бардык мектеп, бала бакча, ФАПтардын абалы менен таанышып чыгышкандыгын айтты:

“Кышка даярдык баарында жакшы экен, көмүр түшсө эле болду. Арбын орто мектеби эски имараттын жылытуу системасынын бүтпөй калган жерин оңдоонун аракетинде. Депутаттар акча бөлүп бере турган болушту. Куу-Майдан ФАПка болсо көмүркана керек экен.”

Гулмайрам Ысмаилова

Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинин директору Гүлмайрам Ысмаилова: “Биздин мектеп электр энергиясы менен жылыйт, азырынча тендер алмаша элек экен, тендерщиктер бир жолу телефон кылган бойдон кыла элек. Өкмөттөн жылуулукка деп акча бөлүнгөн, ошону ким утса ошол каржылайт экен, бирок бизге керектүү нерселерди алып келип бере элек. Свет өчпөсө мектеп эң жакшы ысыйт, эгер свет өчүп калса билбейм”-дейт.

Нургуль Абдикаримова

“Айбийке” балдар бакчасынын жетекчиси Нургуль Абдикаримова балдар көп, бала бакчанын аянты болсо тар болуп жатканын билдирди:

“Өкмөт тарабынан балдардын тамак аш, күндөлүк керектөөлөрүн, ремонт иштери жана электр энергиясын каржылап келет. Бакчанын эски имараттарын бакчага өткөрүп берсе жакшы болот эле, балдар көп болуп жатат.

Бала бакча электр энергиясы жана көмүр менен иштейт. Айыл өкмөт тарабынан быйылкы жылга 15 тонна көмүр жазылган тендер аркылуу келип түшөт, азырынча келе элек.”

Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.

Аймончок Кожонова