“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Кеңеш: “Эң мыкты окуган окуучулар стипендия алышат”

15 Сентябрь 2021 жыл 16:27
Көрүүлөрдүн саны: 78

Ноокат районуну Кеңеш айыл өкмөтүндө жалпы беш орто мектептер бар. Жаңы 2021-2022 окуу жылынан баштап эң мыкты окуган окуучуларга ай сайын стипендия берилет. Бул тууралуу өкмөт башчы Улукбек Шапиев бүгүнкү Билим күнүнө карата уюштурулган линейкада билдирди.

Жапар Нышанов орто мектеби, Билим күнүнө арналган линейка учуру

Кеңеш айыл өкмөт башчысы жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап мектептерди кыдырып чыкты. Окуучулардын билим деңгээлин өркүндөтүү үчүн мугалимдер менен чогуу иштешип, болгон аракетин жумшаарын айтып өттү:

Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Улукбек Шапиев

“Башы көрүнгөн саясатчыларды, сабак өтчү спикер, лидерлерди, Нуржигит Кадырбеков, Идирис Айтбаевди чакырып, окуучуларга мотивация берүү максатында айына бир жолу жолугушууларды өткөрүп турабыз.

Акча каражатын таап, депутаттарга коюп чечим чыгарып алсак жалаң 5 алгандарга айына кызыктыруучу стипендиялар берилет. Канча сомдон беребиз аны депутаттар менен чогуу чечебиз. Ал эми олимпиададан райондук, облустук деңгээлге чыккандарга акчалай колдоо көрсөтүлөт,” – дейт Улукбек Шапиев.

Жергиликтүү кеңештин депутаты Каныбек Маматмуса уулу бул сунушту колдоорун, бирок айыл өкмөттүн бюджетиндеги каражат аз болгондуктан кайсыл жактан алабыз деген суроо баарын ойлондурганын айтты:

“Депутаттар, аппараттагылар менен сүйлөшүп, мыйзамга туура келеби, кайсыл мыйзамдын негизинде туура келет караштырып көрөбүз. Эч болбосо айылдагы бизнесмен балдарга сунуштап көрөбүз, колдошсо, алардын атынан да берсек болот,” – дейт.

Жапар Нышанов орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Айтигүл Абдивалиева

Жапар Нышанов орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Айтигүл Абдивалиеванын айтымында 2 жыл мурун ар чейрек сайын жалаң беш чыккан окуучуларга демөөрчүлөр тарабынан 100 сомдон стипендия берилген:

“Былтыркы жылы да Исанов айыл өкмөтүнөн бир демөөрчү чыгып, акыркы коңгуроо күнү 1-класстан баштап 11-класска чейинки эң мыкты делген окуучуларга 100 сомдон акчалай сыйлык берип кеткен. Айыл өкмөттөн стипендия бериле турган болуп калса, окуучуларга дем күч, мотивация болуп, биз билим сапатыбызды биртоп алдыга жылдыра алабыз деп ишенебиз.”

11-класстын окуучусу Бектур Азамат уулу

11-класстын окуучусу Бектур Азамат уулу математика сабагынан олимпиадада республикага чейин барып, окууда жакшы жетишкендиктерди көрсөтүп келет. Ал стипендия берилери тууралуу жаңылыкты укканда аябай кубанган:

“Азыр мен 11-класс болгондуктан курстарга барып ЖРТга даярданып жатам. Эгерде стипендия алып калсам канча сом болбосун аны окуу тарабына иштетем.”

Айыл тургуну Замира Ураимова: “Стипендия берилип баштаса балдарда окууга кызыгуу пайда болот, көңүлү көтөрүлөт. Жалаң гана жакшы окугандарга эмес, 4 алгандарга да берсе жакшы болмок, алар да бири бири менен атаандашып окушмак,” – дейт.

Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.

Аймончок Кожонова