“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Кеңеш айыл аймагында күзгү оруп-жыюу иштери 90% аяктады

27 Сентябрь 2021 жыл 0:30
Көрүүлөрдүн саны: 48

Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагында күзгү талаа иштери сентябрь айынын ортосунда башталган. Учурда эгиндерди оруп-жыюу иштери 90%га жыйынтыкталды.

Материалдын аудио версиясын төмөндөн уга аласыз:

Эркайым Калыкова үй-бүлөсү менен жүгөр кайрып жаткан учуру

Куу-Майдан айыл тургуну Эркайым Калыкова үй-бүлөсү менен жыл сайын талаага беде, жүгөрү жана картошка эгишет.

“Жердин акыры болгон үчүн бизге суунун келиши кыйыныраак. Сууну балдарым түнкүсүн коет. Эгиндерди малга, атка жем кылабыз, беделер да бар. Ошолор менен жетет. Жетпей калса, сатып алабыз. Азыр мурунку баага караганда беде кымбат болуп кетти. 1 пресс эле 300 сомдон жогору, мурун 200гө жетип-жетпеген баада сатып алчу элек.”

Талаа иштеринин көпчүлүгү бүтүп калды

Кеңеш айыл аймагынын экономика-статистика боюнча жетектөөчү адиси Апсатар Масаиповдун айтымында талаада жүгөрүдөн башка эгиндер жыйналып бүттү.

“Кылкандуу дан эгиндеринин түшүмү былтыркыга салыштырмалуу төмөнүрөөк. Бирок, картошка жана жүгөрү былтыркыга салыштырмалуу түшүмдүүлүгү жогору болуп жатат. Эми тоют боюнча бааны туруктуу кылыш кыйын. Базарда баа канча болсо ошончо болот. Учурда эл чарбачылыгына ылайык тоютту камдап алышты”.

Алмазбек Дүйшөбаев беде жыйнап жаткан кези

Ал эми айыл тургуну Алмазбек Дүйшөбаев күзгү жыйноо өз убагында болуп жатканына кубанычта.

“Быйыл аба-ырайына байланыштуу күзгү жыйноо жакшы болуп жатат. Кудай кааласа 1-2 күндүн ичинде элдин бардыгы жыйнап алат. Жерлер бошосо эл дагы мал-жайытын жая берет. Мен мына беденин 3-орогун оруп алдым. Жакшы эле чыкты. Жылда тоют сатып албайм, өзүмдүкү жетет.”

Жүгөрү оруу учуру

Ал эми Нурзада Мурзаш кызы айылдагылар керектелүүчү нерселердин көпчүлүгүн сатып албай өздөрү эгишет дейт.

“Айыл жергесинде көпчүлүк адамдар мал кармашат. Ошондуктан жүгөрү, беде, арпа, буудайларды эгип, кышка тоют даярдашат. Сатып алганга караганда өзүбүз эккен арзан түшөт”.

Талаада жүгөрүнү оруп-жыюу кызуу жүрүүдө

Кеңеш айыл өкмөтүндө жалпысынан 2296 гектар, 45 сотых жер айдалып, анын ичинен 50 гектар — арпа, 950 гектар — буудай, 585 гектар — жүгөрү, 260 гектар — картошка, 451 гектар — беде жана 45 сотых — жашылча эгилген.

Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.

Аймончок Кожонова