Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүндө 23-сентябрь «Эл аралык эне тил» күнүнө арналган мектептер аралык конкурс болуп өттү. Бул конкурска айыл өкмөттөгү Арбын, Жапар Нышанов, Дары-Суу, Ак-Чабуу жана Шаңкол мектептеринин 9-10-11-классынын окуучулары катышышты.
Конкурска катышууга 3 түрдүү жободогу программа түзүлгөн:
1. Көркөм окуу, макал лакаптар, учкул сөздөр, тилдин пайда болушу жана тилдин өнүгүшү.
2. Кыргызстандын жаратылышынын кооздугу боюнча сүрөт көргөзмөсү.
3. Эне тилге арналган дилбаян жазылды.

Иш-чаранын жүрүшү
Аталган иш-чарада Жапар Нышанов орто мектебинин окуучулары 1-орунду, Шаңкол орто мектеби 2-орунду, ал эми Байыш орто мектеби 3-орунду ээледи.

Жапар Нышанов мектебинин мугалим, окуучулары
Байгелүү орундарды ээлеген мектептерге мактоо баракчалары, 3 томдук китептер, жакшы аткарган окуучуларга жеке өздөрүнө китептер берилди.

Окуучулар эне тилдин тарыхын чагылдырып беришти
Кеңеш айыл өкмөтүнүн китепкана башчысы, иш чаранын уюштуруучусу Гүлнара Тилебаева: «Биздин бул иш чарабыз эң мыкты деңгээлде өттү десем жанылышпайм. Себеби балдар эң сонун даярданып келишиптир, биздин конкурсубуздун темасы да жакшы болчу, эне тил жөнүндө сөз баштасаң эч бүтпөйт эмеспи. Биз буга чейин да ушул тилибиздин жоголуп кетпеши үчүн, тилибизди өнүктүрүү үчүн көптөгөн иш-чараларды өткөрүп келгенбиз буйруса мындан ары да өткөрөбүз»-дейт.

Окуучулар көркөм окуу учурунда
Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Улукбек Шапиев мындай иш-чараларды дайым колдоорун билдирди: “Конкурстун жеңүүчүлөрүнө биз эң сонун, азыркы замандын талабына ылайыкталган китептерди алып келип тапшырдык. Уюштурууга бизге жардам берген кыргыз тили мугалимдерине чоң рахмат.”
Арбын орто мектебинин окуучусу, конкурстун катышуучусу Айдана Миталованын айтымында: «Мен өзүмө жашоодо көп жакшы китептерди окуп андан жакшы тажрыйба топтош керектигин түшүндүм, өзүмө сонун мотивация алып келдим десем болот. Мындан ары да ушундай конкурстар болсо сөзсүз түрдө катышам»- дейт Айдана.

Жапар Нышанов мектебине мактоо баракчасын тапшыруу учур
Жапар Нышанов орто мектебинин директору Гүлмайрам Ысмаилова: “Балдарга өкмөт башчы тарабынан китептер берилди. Мындан сырткары дагы белек берилген окуучуларга эгерде ошол китепти окуп эмне жөнүндө экенин келип айтып берсеңер жеке өзүмүн атымдан дагы атайын белек берем деп убадалады”-деп билдирди.
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Айжибек Алижанова
Аймончок Кожонова