Кеңеш айыл аймагында 2021-2022-жылдын күз-кыш мезгилдерине даярдыктарды көрүү максатында 16-октябрь күнү жалпы айыл аймактын жашоочуларынын жана мамлекеттик кызматкерлердин катышуусунда тазалоо иштери жүрүп, борбордук жолдордогу чункурчалар жамалды.

Кеңеш айыл өкмөтүнүн кызматкерлери ишембиликте

Жолдогу суу өтүүчү трубалар тазаланды

Борбордук жолдорду оңдоого демөөрчүлөр тарабынан 10 тонна асфальт берилген

Шаңкол айылынын тургундары арыктарды тазалоо учурунда

Арбын айылы

Арбын айылынын тургундары ишембиликте

Куу-Майдан айылынын да тургундары да ишембилике чыгышты

Мугалимдер Жапар Нышанов мектебинин айлана чөйрөсүн тазалашууда

Куу-Майдан айылынын Айбийке балдар бакчасы

Айбийке балдар бакчасынын айланасындагы таштандылар тазаланды

Дары Суу мектебинде окуучулар да ишембилике чыгышты

Дары Суу айылындагы Асал эне бала бакчасы

Ноокат-Ош жолундагы Ак Терек айылынын тургундары да ишембилике катышышты

Байыш айылы, ашыкча бак-дарактар кыркылды
Ишембиликте айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери жооптуу катары толук түрдө катышуу менен көзөмөл иштери кошо жүргүзүштү.
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Аймончок Кожонова