“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Кеңеш: Аялдар күз майрамын белгилешти

27 Октябрь 2021 жыл 19:01
Көрүүлөрдүн саны: 61

Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагында 26-октябрда «Алтын күз — 2021» конкурстук иш чара болуп өттү. Ага айыл өкмөттөгү бардык айылдардын айымдары катышышты.

Катышуучуларды тосуп алуу учурунда

Катышуучуларды тосуп алуу учурунда

Аялдардын биримдигин күчөтүү, аларга мотивация берүү максатында уюштурулган бул иш-чарада ар бир айылдын айымдары өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Берекелүү күз көргөзмөсү

Сынактын жүрүшүндө өсүмдүктөр көргөзмөсү болуп, ар бир топ ата-эне, сүйүү, жаштык, жер-сууну, жаратылышты даңазалаган ырларды аткарышып, бий бийлешип, макал-лакап айтышышты.
Жыйынтыгында 1-орунду Байыш-Чегеден айылы, 2-орунду Шаңкол жана Арбын айылдары ал эми 3-орунду «Айбийке» балдар бакчасынын жамааты камсыз кылып, акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Иш-чаранын уюштуруучусу Турсунай Кадырова сүйлөп жаткан учуру

Жергиликтүү кеңештин депутаты, сынактын уюштуруучусу Турсунай Кадырова: «Аялдарды колдоо борборунда бизди окутканда бизге барып эмне иш кыласынар деген суроо берилген, биринчиге түшүм майрамын өткөрүүнү жазганбыз, бүгүн планыбыздагы биринчи иш-чара аткарылып жатат»-деп билдирди.

Куу-Майдан аялдары бий бийлешүүдө

Кеңеш айыл өкмөт башчысынын орун басары, калыстар тобунун мүчөсү Жеңишбек Исаев сынактын мындай чоң деңгээлде өтөөрүн күткөн эмесмин дейт: «Эл ичинде катылып жаткан таланттарга бүгүн күбө болуп, ар бир программанын так аткарылышына карап баа бердик.»

Ырлар аккордеондун коштоосунда аткарылды

Айыл тургуну Айгүл Мамажунусова кыргыздар салт-санаага, макал-лакаптарга, оюн, ырларга бай экенин, аларды унутпай сактап калуу керектигин айтат: «Кыргыз элибизде дайым ушундай молчулук, токчулук, бакубат жашоо болушун каалайм.»

Ал эми сынактын катышуучусу Жыпаргүл Матраимова: «Биздин «Айбийке» балдар бакчасы 3-орунду алды. Калыстар тобу жакшы баалашты, сынакка дагы кыргыздын улуттук оюндарын кошсо жакшы болмок» — деп билдирди.

Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.

Аймончок Кожонова
Айжибек Алижанова